Бишкекте курулушу баштала элек үйдү жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды
Бишкекте курулушу баштала элек үйдү жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарындагы Армейская көчөсүнүн 150/1 дарегинде жайгашкан “Бридж” турак жай комплексине байланыштуу ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган даректе 17 кабаттуу турак жай комплексин куруу пландалган. Ошол эле учурда объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жана курулуштун “нөл цикли” аяктай электе турак жай комплексинин жарнамасы жүргүзүлүп, батирлер сатууга сунушталып жатканы аныкталды.
Белгилей кетсек, Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тиешелүү буйругуна ылайык, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, ошондой эле курулуш объектилерин жарнамалоого тыюу салынган.
Курулуш объектилерин жарнамалоо жана турак жайларды сатуу мыйзам талаптарына жана белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Натыйжада, аталган факт боюнча Департамент тарабынан “О2 девелопмент” ЖЧКсына карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Алсак компаниянын уруксат берүүчү документтери жокко чыгарылып, лицензиясынан ажыратылды. Ошондой эле, аталган даректе турак жай комплексинин курулушун баштоого жол берилбейт жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
