Бишкекте жаранды инвестицияга акча салуу шылтоосу менен 20 миң долларга алдаган шектүү кармалды
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
9 ноябрь

Бишкекте жаранды инвестицияга акча салуу шылтоосу менен 20 миң долларга алдаган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп кабарлайт Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда Т.А. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, шектүү анын ишенимине кирип, акча каражаттарын инвестициялоо шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу андан 10 миң АКШ долларын алган. Эки ай өткөндөн кийин аталган жаран арыз ээсинен дагы 10 миң АКШ долларын алган. Натыйжада келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 20 миң АКШ долларын түзгөн.

Акча каражаттарын алгандан кийин жаран байланышка чыкпай, алган акчасын кайтарып берген эмес жана өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган Т.А. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмыш фактысына тиешеси бар-жогу аныкталууда. 

Тергөө иштери улантылууда.

Милиция эгерде аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, төмөнкү телефон номерлерине же 102 кыска номерине кайрылууну өтүнөт:

  • 0 555 860 909
  • 0 509 198 331
  • 0 703 699 055
  • 102