Айдоочулардын эсине: Ысык-Көл облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Ысык-Көл облусунда 30-июлдан 1-августка чейин мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автоунаа жолунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.
Чектөөлөр Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарларынын, ошондой эле мамлекет башчыларынын катышуусунда өтө турган «Борбор Азия – Азербайжан» саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилүүдө.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегациялардын тоскоолдуксуз өтүүсүн уюштуруу максатында жолдун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана өлкөнүн конокторун убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырат.
