Бишкектеги Леваневский көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери аяктады
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Леваневский көчөсүнүн Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин толугу менен аяктады.
Мэриядан кабарлашкандай, оңдолгон тилкенин узундугу 750 метрди, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6,5 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында жол инфраструктурасы комплекстүү түрдө жаңыланды. Көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, ошондой эле жаан-чачын жана кар сууларын натыйжалуу агызууга арналган суу өткөрүүчү арыктар курулду. Бул бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.
Капиталдык оңдоо аяктагандан кийин тилкенин транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жакшырып, жол кыймылынын коопсуздугу жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуулук жогорулады.
