Кыргызстанда бир жумада 95 өрт кырсыгы катталды
18 январь

Кыргызстанда бир жумада 95 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда 13нөн 17-январга чейинки аралыкта 95 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, аларды өчүрүүгө жадпы 144 бөлүм тартылган.

"Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгон. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен 49 адам эвакуацияланган. Учурда материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда", - деп билдиришти ведомстводон.

Мындан сырткары, республика боюнча куткаруу кызматы 13 жолу чакырууларга чыгып, Таш-Көмүрдөгү издөө иштерине 54 адам тартылган.

Ал эми Баткендеги Ак-суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери 90 пайызга аткарылганын белгилейбиз.