Кара-Кулжада милиция кызматкери боорукерлик сезими менен үлгү көрсөткөндүгү үчүн Ыраазычылык кат менен сыйланды
Кара-Кулжа райадминистрациясынын башчысы-аким Замирбек Сыдыков жарандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ишенимди арттырып, коомчулук арасында боорукерлик менен жоопкерчилик сезимин жайылтып, башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн кызматкери милициянын улук лейтенанты Камилжан уулу Суранбайды Ыраазычылык кат менен сыйлады.
2025-жылдын 8-июль күнү Кара-Кулжа районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын жолдун аркы бетине өтүүсүнө кыйынчылык жаралып, кыйналып турганын байкаган Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн кызматкери милициянын улук лейтенанты Камилжан уулу Суранбай жардам көрсөтүп, жаранды коляскасы менен жолдон алып өтүп, болжогон дарегине чейин түртүп жеткирип койгон.
Бул учурду жергиликтүү тургундар видео тасмага тартып алышып, социалдык тармактарга жайгаштырган.
Видео тасма социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, милиция кызматкерине карата жакшы ой-пикирлерди калтырышкан.
