Бишкекте жаңы автобус каттамы ишке кирди
Бишкекте №33 жаңы автобус каттамы жүрө баштайт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
2025-жылдын 30-январынан тартып газ менен иштеген өзбек өндүрүшүнүн Isuzu маркасындагы автобустары линияга чыгат.
Белгилей кетсек, автобус темир жол станциясынан Ош базарына чейин каттайт.
