Өлкө боюнча азык-түлүк жарманкелери уланууда
3 апрель

Өлкө боюнча азык-түлүк жарманкелери уланууда

Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде Бишкек шаарында 2026-жылдын июнь айына чейин белгиленген күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүп жатат. Жарманкелерге жергиликтүү өндүрүүчүлөр, дыйкандар жана кол өнөрчүлөр катышып, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунушташууда.

Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары жетиштүү көлөмдө болуп, эч кандай тартыштык байкалбайт. Жарманкелер калкка сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.

Бишкек шаарындагы жарманке ар жума сайын ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп, ал Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулууда.

Жарманкелерде азык-түлүк товарлары ортомчуларсыз, түздөн-түз өндүрүүчүлөр тарабынан сунушталып, базар баасынан төмөн баада сатылууда.

Иш-чаранын негизги максаты – баалардын өсүшүн турукташтыруу, социалдык жактан аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу.

Жарманкенин өтүү жайлары:

• Т. Усубалиев атындагы аянт
• И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши
• Эркиндик бульвары (Биринчи Май району)

Катышуучулар үчүн талаптар: