Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь
Кыргызстанда мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов кармалды
Кыргызстанда мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов кармалды.
Бир катар ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып маалымдагандай, Сулайманов өткөн дем алыш күндөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын кармалышынын себеби белгисиз. Укук коргоо органдары мурдагы министр кайсы иштин алкагында кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек.
Нурлан Сулайманов буга чейин Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жетектеп, кийин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
