Адылбек Касымалиев Дубайга жумушчу сапары менен келди
10 февраль

Адылбек Касымалиев Дубайга жумушчу сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.  

Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат жана саммиттин алкагында “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт. 

Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болору пландалууда.