
Эмгек министрлиги жарандардын айрым категориялары үчүн компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну сунуштайт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги министрлер кабинетинин айрым категориядагы жарандар үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул кадамдын максаты жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алган жарандарды социалдык колдоону күчөтүү болуп саналат.
Долбоорго ылайык, токтом кабыл алынса, 2025-жылдын 1-январынан тартып Ооган согушунун жана Чернобыль кыйроонун катышуучулары категориясына жараша 2000 сомдон 10000 сомго чейин акчалай компенсация ала алышат.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Оогандан аскерлердин чыгарылганына 35 жыл болгон, ал эми 2026-жылы Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариясына 40 жыл болот.