2025-жылдын январында 6332 жаранга пенсия дайындалып чектелди
11 февраль

2025-жылдын январында 6332 жаранга пенсия дайындалып чектелди

2025-жылдын январь айында Кыргызстанда 6 332 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, пнын ичинен 4 758 жаранга пенсия жаңы чектелди.

Мындан тышкары, кошумча берилген документтердин негизинде (эмгек стажы, айлыгы, окуусу жана майыптыгы боюнча) 1574 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.