Сузакта 14 жаштагы баланы сабаган ата-бала кармалды
8 декабрь

Сузакта 14 жаштагы баланы сабаган ата-бала кармалды

2025-жылдын 1-ноябрь күнү Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан, ата- бала 2011-жылы туулган Р.М. аттуу баланы уруп денесине жаракат келтирип колу, бутун сындырганды тууралуу маалымат алынган.

Натыйжада 2011-жылы туулган Р.М. аттуу бала Сузак райондук ооруканасына жаткырылып, бүгүнкү күндө денесиндеги жаракаттарына операция жасалып, дарыланып жаткандыгы аныкталган.

Аталган маалымат 2025-жылдын 24-ноябрь күнү Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында, Сузак районунун 49 жаштагы жана 17 жаштагы тургундары кармалып, Сузак райондук соту тарабынан бир айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.