www
3 апрель
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Ушул жылдын 4-апрели, саат 20:00дөн тарта кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кытай тараптып демилгеси менен Кытайда "Цинмин" майрамын майрамдоого байланыштуу кабыл алынды.
Чек ара пункттары 6-апрелде ачылып, адамдар жана жүктөр өткөрүлө баштайт.
