Эмдөө тууралуу санариптик сертификат эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү
20 август

Эмдөө тууралуу санариптик сертификат эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Эмдөө тууралуу сертификат» кызматы кеңейтилди. Эми колдонуучулар электрондук түрдө COVID-19га каршы эмдөө тууралуу гана эмес, катталган бардык профилактикалык жана башка эмдөөлөр жөнүндө маалыматтарды ала алышат.

Сертификат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Анда эмдөө тууралуу негизги маалыматтар: вакцинанын аталышы, дозасы, эмдөө жүргүзүлгөн күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү, ошондой эле сертификат ээсинин жеке маалыматтары жана сүрөтү көрсөтүлөт.

Документ кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот.

18 жашка чейинки балдар үчүн сертификат алардын ата-энелерине түздөн-түз өздөрүнүн «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Жаңы мүмкүнчүлүк эмдөө статусун медициналык мекемеге барып, кагаз түрүндөгү маалымкат албастан ырастоого мүмкүндүк берет. Сертификатты телефонго сактап, электрондук түрдө жөнөтүүгө же каалаган ыңгайлуу учурда басып чыгарууга болот.

Сертификат менен бирге колдонуучуга Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн календары да жеткиликтүү. Ал алынган эмдөөлөрдү жаш курагына жараша каралган эмдөөлөр менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Маанилүү: эгер сертификатта мурда алынган эмдөө тууралуу маалымат көрсөтүлбөсө, тиешелүү маалыматтарды маалыматтык системага киргизүү үчүн эмдөө жүргүзүлгөн Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу зарыл.

Кызматтын кеңейтилүүсү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты — медициналык документтерди жана тиешелүү маалыматтарды алууну жарандар үчүн тез, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу.

«Эмдөө тууралуу сертификат» кызматын кеңейтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Түндүк» ААК менен биргеликте, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылды.