Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
23 июнь

Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен районуна 22-июндагы селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Эске сала кетсек, күн мурун облус аймагында нөшөрлүү жаандан улам катуу сел жүрүп, бир катар айылдарды каптаган. Бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 100 куткаруучу, 10 техника, 4 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 44 кызматкер, 12 техника, айыл аймактардан 9 кызматкер жана 7 техника тартылды.

Облуста жол каттамдары ачык. Электр энергиясы калыбына келтирилип, берилүүдө.

Жалпы 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн огород участкасына, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына сел кирген. 8800 метр ички чарбалык жолду бузган. 3 унаа жабыркаган. 13 электр мамычаларын, 10 даана латок агып кеткен жана 6 чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы, 1 а/ө короосуна, 1000 метр сел өтүүчү сайдын ичи сел калдыктарына толгон, 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар жеринен эрозияга учураган.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч каражаттары жана куткаруучулар, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сел кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.