Ошто синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген топ кармалды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таркатууга шектелген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө 1991-жылы туулган М.Ж.Р. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан синтетикалык баңгизаты табылган.
Кийинчерээк мыйзамсыз затты сатуу каналы аныкталган. Кошумча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2006-жылы туулган А. у. К. аттуу жаран, ошондой эле топтун дагы бир мүчөсү – 2005-жылы туулган А.Б.Ш. кармалган. Кармалгандарга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Синтетикалык баңгизат адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна өзгөчө коркунуч туудурат. Мындай заттардын аз өлчөмүндө да активдүү компоненттердин жогорку концентрациясы болушу мүмкүн жана организмге олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмы-Жаза кодексинин 282-беренеси «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда алынган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
