Ош: Ак-Буура жээгиндеги жаңы сейил бакта жумуштар уланууда
Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан жаңы сейил бакта учурда курулуш жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.
Мында сейил бактын аймагындагы жөө жүрүүчү жолдорго таман таштар төшөлүп, эс алуучу аянтчаларды иретке келтирүү жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Жакынкы күндөрү сейил бак шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайы болуп, жаратылыш менен айкалышкан өзгөчө мейкиндикке айланат.
