ӨКМ эскертет. Нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу жогору
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргызстанда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстери активдеши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Нарын жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда, Баткен облосунун Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунда жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:
• Бишкек-Ош унаа жолунун 90-115, 116-124, 132-133, 184, 285, 342-348, 355-362, 370, 400-427-чакырымдарында;
• Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 111-138-чакырымдарында;
• Балыкчы-Ананьево-Каракол 101-220-чакырымдарында;
• Балыкчы-Боконбаево-Каракол 64, 98-120-чакырымдарында;
• Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун 23-28, 39, 43-45, 64-74, 78-83, 95-96, 100-133, 163-167, 251-258-чакырымдарында;
• Ош – Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-64; 78, 125-190-чакырымдарында;
• Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт 41-55, 63-75, 81-125-чакырымдарында;
• Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24, 38-65, 66-75-чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздукту сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылуу керек.