100гө жакын турак үй, соцобъекттер жабыркаган. Нарындагы жер титирөөнүн кесепеттери
14 май

100гө жакын турак үй, соцобъекттер жабыркаган. Нарындагы жер титирөөнүн кесепеттери

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда 12-майда катталган жер титирөөдөн жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, 1 дүкөн, Кара-Ой айылында 7 турак үй, 1 мектеп (анын ичинен 46 турак үй камсыздандырылган, 53 турак үй камсыздандырылган эмес).

Белгиленгендей, иликтөө иштери бүгүн, 14-майда да улантылат.

Эскерте кетсек, 12-майда күчү Нарын облусунун аймагында күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

д