Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кетти
10 февраль

Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кетти

Нуржан Шайлдабекова Боршайкомдун төрайымы кызматынан кетти. Ал өз каалоосу боюнча жазган арызын БШК мүчөлөрү карап, анын чечимин колдоп беришти.

Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп 2016-жылы жана 2021-жылы эки ирет шайланган.

Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болуп шайланды. Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги БШКнын жыйынында колдоо тапты. Ал буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары болчу.