Ошто кампадан өрт чыкты
Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кырсык тууралуу билдирүү 18-сентябрда саат 15:03 түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм, автошаты жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 16:30да чектөөгө алынды.
Учурда өрттүн себеби жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.
Кошумча маалымат берилет.
