«75чилердин каты» боюнча сот жараяны ачык өтө турган болду
11 июнь

«75чилердин каты» боюнча сот жараяны ачык өтө турган болду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-июнда «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Бул иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башка адамдар айыпталуучу катары өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова кылмыш ишинин материалдарынан жашыруундук макамын алып салуу жана соттук териштирүүнү ачык режимде өткөрүү боюнча өтүнүч келтирди.

Анын айтымында, учурда сотто каралып жаткан маалыматтар буга чейин ачык булактарда жарыяланып, мамлекеттик сырды түзгөн белгилерди камтыбайт.

Ушуга байланыштуу иш материалдарын мындан ары жашыруун кармоо сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулук принцибине каршы келет деп белгиледи. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, кылмыш ишинин материалдарынан жашыруундук макамын алып салуу чечимин кабыл алды.

Кийинки сот отуруму 15-июнга белгиленди.