КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал
10 февраль

КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 6-жумасында (25.03.25 - 25.09.) 10407 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 30 учуру катталып(и.к. 146,6), өткөн жумага салыштырмалуу (05-жума и.к. 155,5) -0,9% га төмөндөдү.

Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28,9%, риновирус – 26,3%, аденовирус – 12,9%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустук инфекциялар 11,9%ды түзөт.

2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосу жана В гриппинин айрым учурлары - 29,6% жана COVID-19 - 6,2% шарттаган сасык тумоо мезгили байкалууда. Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.