Сузакта кооптуу аймактарда жашаган 600дөн ашык кожолук бар
22 февраль

Сузакта кооптуу аймактарда жашаган 600дөн ашык кожолук бар

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эле кооптуу аймактарда жашаган 600дөн ашык кожолук бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү өкмөттөн кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин алышкан.

Бирок жаңы үй салганга акчасы жетпей турганын айтып, кооптуу аймактардан көчпөй жаткандар бар.