Америкада кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза болду
Америкада кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза болду, деп кабарлайт КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу I-70 трассасында Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болгон.
КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер иштелип чыгууда.
