Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
www
3 апрель

Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу тууралуу эскертти. 

Маалыматка ылайык, 3нөн 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Алар:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.