Руслан Казакбаев Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Ышыкхан менен жолукту
2025-жылдын 7-февралында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Р.Казакбаев менен Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Ышыкхандын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы жана ишке орноштуруу жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.
Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.
29-январда Сауд Арабияда өткөн КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Р.Сабиров менен министр В.Ышыкхандын жолугушуусунда башталган диалогду улантууга өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу элчи Р.Казакбаев Түркияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек шарттарын жакшыртууга жана социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар демилгелерди сунуштады.
Тараптар ишке орноштуруу жаатында кызматташууну күчөтүү, мигранттарды алдын ала окутуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана кыргыз жарандарынын Түркиядагы эмгек абалын мыйзамдаштыруунун натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты жана эмгек миграциясы жана социалдык коргоо жаатында эки тараптуу мамилелерди чыңдоого көмөктөшүүчү сунушталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.
