Бишкекте айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөрөт
17 март

Бишкекте айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөрөт

Бишкек шаарында Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү.

•№55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү.
•№8 автобустун кыймыл багыты:
И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү.
•№56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген  убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын-ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунушталат.

Жаңы кыймыл схемалары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот:

Убактылуу кыймыл чийме