Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары кызматынан кетти
Орозбек Сыдыков
27 февраль

Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары кызматынан кетти

Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу 27-февралда белгилүү болду.

Ал бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Орозбек Сыдыков 1987-жылдын 7-майында Ош облусунда туулган.

2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун «Юрист» адистиги боюнча бүтүргөн.

2015–2017-жылдары Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек жолун 2013-жылы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратында Ош облусу жана Ош шаары боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп баштаган.

Юстиция министрлигиндеги карьерасын 2014-жылы башкы адис кызматынан баштаган.