Манаста эки унаа кагышып, биринин айдоочусу каза болду
Болот Ибрагимовдун баракчасынан
23 июнь

Манаста эки унаа кагышып, биринин айдоочусу каза болду

Манас шаарында BMW X5 жана Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа сүзүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, кырсык 23-июнда болжол менен саат 04:30да катталган. 

"BMW X5 унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен", – деди ал. 

Азырынча тиешелүү укук коргоо органдары кырсык боюнча маалымат бере элек.