Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганы айтылууда
www
23 июнь

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганы айтылууда

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын агасы маалымат каражаттарына ырастаган.

Учурда бул боюнча Ички иштер министрлиги расмий комментарий бере элек.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, Дүйшөн Төрөкуловго карата бөгөт чарасы 19-июнда каралып, аны 30-июнга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган.

Маалыматка караганда, экс-депутатты камакка алуу тууралуу өтүнүчтү сотко ИИМдин тергөөчүсү киргизген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча айып тагылганы айтылууда.