Жарым миллион сом пара алып жаткан жеринен МСКнын испектору кармалды
18 январь

Жарым миллион сом пара алып жаткан жеринен МСКнын испектору кармалды

КР УКМК КР ФМга караштуу МСКнын жооптуу кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын К.А.А. аттуу инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү  фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 343-берененин 3-бөлүгү өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 14-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда  МСКнын инспектору К.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.