Кыргызстандын Социалдык фонду менен Өзбекстандын Пенсиялык фондунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы
2025-жылдын 12–13-августунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттен тышкаркы пенсиялык фондунун эксперттери жолугушту.
Тараптар төмөнкү долбоорлорду макулдашышты:
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
- Аны ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуу.
Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн мыйзамдарын эске алуу менен долбоорлордун беренелерин так түшүнүү үчүн жалпы талкуулар жүргүзүлдү жана кийин долбоорлорду ишке ашырууда колдонулуучу формалар макулдашылды.
Максат – Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын бирдей шартта пенсия менен камсыз кылуу жана кошумча төгүмдөрдү төлөөдөн сактоо.
Макулдашууда каралган:
– пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын кошуу;
– жарандарга пенсияны жашаган жерине карабастан түз төлөө;
– командировкага жана мөөнөтүн узартууга байланышкан эрежелерди тактоо.
Макулдашуу эки өлкөнүн социалдык жана экономикалык кызматташтыгын чыңдап, ири долбоорлорду ишке ашырууда (мисалы, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу) кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
