Кыргызстан жана Россиянын Саламаттык сактоо министрликтери 2025–2026-жылдарга карата саламаттык сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттер планын кол коюшту
14 август

Кыргызстан жана Россиянын Саламаттык сактоо министрликтери 2025–2026-жылдарга карата саламаттык сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттер планын кол коюшту

2025-жылдын 14-августунда Чолпон-Ата шаарында, Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко 2025–2026-жылдарга карата саламаттык сактоо тармагында кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер планына кол коюшту.

Документ негизги багыттар боюнча биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашырууну камтыйт, анын ичинде:

  • кыргыз-орус достугу көп тармактуу ооруканасын түзүү маселесин иштеп чыгуу;
  • кыргызстандык медицина адистерин Россияда даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде трансплантология, онкология жана генетика багыттарында;
  • саламаттык сактоонун кадрдык ресурстарын башкаруу жана коомдук саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашуу;
  • онкологиялык ооруларды дарылоодо жана радиофармацевтикалык препараттарды колдонууда кызматташуу;
  • дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салууда кызматташуу;
  • Кыргызстандын жарандарына Россиянын медициналык уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү.

Бул планга кол коюу эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.