Кыргызстан менен Багам аралдары дипломатиялык байланыштарды түзүүгө ниеттенүүдө
5 март

Кыргызстан менен Багам аралдары дипломатиялык байланыштарды түзүүгө ниеттенүүдө

2025-жылдын 4-мартында Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Айбек Молдогазиев Багам аралдарынын АКШдагы Элчиси Вендалл К. Джонс менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Багам аралдарынын ортосунда дипломатиялык байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Андан сырткары, А.Молдогазиев өлкөнүн тышкы саясий демилгелерин, анын ичинде 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин кесиптешине маалымдады.