Саламаттык сактоо министрлиги муфтий менен жолугушту
2024-жылы 4 мартта Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Бубужан Арыкбаева Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык оорусунун бүгүнкү күндөгү курч абалын жана жайылышын токтотуу боюнча жана аны менен бирге Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөр календарына ылайык 13 вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга «Эмдөө боюнча Ислам дининин көз карашы» боюнча Фатваны чыгарылышы, «Иммунизация: мамлекеттин жана диний уюмдардын бирге аракеттешүүсү» Резолюциясынын проектиси тууралуу жана Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Умра жана Хадж сапарынын медициналык талаптары боюнча талкууларды жүргүзүү максатында жолгушту.
Буд жолугушууда Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов катышышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу боюнча КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин отурумдарынын протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги кызамык вирусун токтотуп, андан ары жайылышына жол бербөө үчүн чукул чараларды көрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылы 19 760 эмдөөдөн баш тартуу катталган (2022-12853 баш тартуулар, 2023-20496 баш тартуулар). Баш тартуулардын басымдуу бөлүгү диний себептерден улам – 45%, коопсуздугуна шектенүү боюнча – 41%, маалыматтын жоктугунан – 4,2%, башка себептер боюнча – 9%.
Ушуга байланыштуу жумуш жолугушууда Республикалык иммунопрофилактика борбору тарабынан вакцинанын курамынын так маалыматтарынын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмү «Эмдөө боюнча Ислам дининин көз карашы» Фатваны чыгарылышы боюнча иш алып барышат. Умра жана Хадж сапары боюнча калктын милдеттүү түрдө ала турчу эмдөөлөрүн КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана КР Тышкы иштер министрлиги менен бирге кат жүзүндө иш алып баруу боюнча чечимин чыгарышты.
