Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө
www
23 июнь

Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө

Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгү.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери боюнча маалыматтар угулду.

А.Ташбалтаев, жетекчилерге турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды сел сууларынан тазалап, жолдорду ачуу, электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июнда, Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында,Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрүп, турак үйлөргө, административдин жана инфраструктуралык обьектерге зыян келтирген.

Келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.