Камчыбек Ташиев Жалал-Абадды Манас шаары деп өзгөртүү идеясы ага таандык экендигин билдирди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев телеканалдардын бирине берген маегинде Жалал-Абад калаасын Манас шаары деп өзгөртүү идеясы ага таандык экендигин билдирди.
Ал өз сөзүндө бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдардын "ичи ачышып" жаткандыгын жашырган жок.
"Чынын айтканда менин деле "ичим ачышып" жатат. Анткени, барыбыз ошол шаарда чоңойдук, билим алдык. Ал шаарда жакындарыбыз, балдарыбыз жашайт. Барыбыздын жүрөгүбүзгө, акылыбызга Жалал-Абад деген сөз сиңип калган. Ошондуктан Жалал-Абад шаарын Манас деп айтууга биз да көнө албай турабыз. Ар бир кыргыздын жүрөгүндө Жалал-Абад эмес, Манас бар. Ошол себептен азыр айрымдарга бир аз чоочун болуп жатышы мүмкүн. Бирок келечекте балдарыбыз Манас шаарында төрөлүшөт, Манас шаарында өсүшөт", – деп баса белгиледи ал.
УКМК төрагасы Жалал-Абаддын Манас шаары деп аталып калышына сыймыктана тургандыгын баса белгиледи.
"Айрымдар Таласты Манас деп койсо болот эле, Манасты таластыктарга берсе болмок деп айтып жатышат. Манас таластыктардыкы эмес, Манас кыргыздыкы, анын руху, өткөн тарыхы жана келечеги. Дүйнө жүзүндө Манас деген шаар бирөө гана", – деп, президент эң туура чечим кабыл алгандыгын кыйытты.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад калаасы Манас шаары болуп расмий өзгөрдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында кол койду.
