Сыдыков: Жалган маалыматты таратам деп коркутуп акча талап кылган топтор тыйылат
Бүгүн, 10-февралдан тартып соцтармактарга жарыяланган жалган жалаа жана мазактоо үчүн мыйзам жоопкерчилиги каралат. Президент кол койгон тиешелүү мыйзам бүгүнтөн тартып күчүнө кирди.
Сөз эркиндиги менен жалган жалаа жабуу жана кимдир бирөөнү мазактоо коошпогон маселе, дейт КР Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Биринчи радионун" эфиринде.
Айтымында, жалган жалаа жана мазактоо Укук бузуулар кодексине киргизилип, административдик жоопкерчилик катары каралат.
Ошондой эле, Сыдыков белгилегендей, бул бир гана саясатчы же чиновниктерге тийиштүү эмес, ар бир жөнөкөй жаран дагы жалган жалаага кабылып калышы мүмкүн. Ошол эле ишкерлерди кайсы бир маалыматты Интернетке жаям деп коркутуп, акча талап кылган шылуундар тобу да пайда болгон. Күчүнө кирген мыйзам мына, ушундайлардын тизгинин тартат.
Белгилей кетсек, мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.
