ОСАГО: Жалал-Абадда жол кырсыгынан жабыркаган айдоочуларга 150 миң сомдон төлөндү
18 сентябрь

ОСАГО: Жалал-Абадда жол кырсыгынан жабыркаган айдоочуларга 150 миң сомдон төлөндү

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун облустагы филиалынын директору Марат Кудайбергенов жол кырсыгына кабылган эки жарандын ар бирине 150 миң сомдон, жалпы 300 миң сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмүнүн сертификаттарын тапшырды.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жабыркагандар буга чейин Ош–Бишкек автоунаа жолунун Шамалдуу-Сай тилкесинде болгон автокырсыктын натыйжасында зыян тарткан.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, кырсыктардан сак болууга чакырып, мамлекеттик камсыздандыруунун жарандар үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.