Туркебекова: Jumush.gov.kg платформасы – жумуш издөөчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдү бир аянтчага топтойт
5 октябрь

Туркебекова: Jumush.gov.kg платформасы – жумуш издөөчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдү бир аянтчага топтойт

Кыргызстанда жумушсуз жарандарды жумуш менен камсыз болушуна көмөктөшүү максатында санариптик платформалар иштеп келет. Бул Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылган. Ал кандай платформа, жарандар кантип колдоно алышат жана мигранттар дагы андан колдоно алышабы – Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова “Биринчи радионун” эфиринде түшүндүрдү.

Айтымында, буга чейин жумушсуз жарандар өзүнүн жумушсуз экенин тастыктоо жана жумушка орношууга көмөк алуу үчүн аталган министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылышчу. Эми азыр бул аракетти башкармалыктарга келбей эле аралыктан, онлайн түрдө жасаса болот.

Jumush.gov.kg  платформасында жумуш издөөчүлөрдүн жана вакансиялардын тизмеси түзүлгөн.

“Мурда аймактык башкармалыктын тиешелүү кызматкерлери ишканаларды кыдырып жаңы пайда болгон бош орундар тууралуу маалымат жыйначу. Бирок көбүнчө мындай маалыматты берүүдөн баш тартып коюшчу. 2025-жылы жаңы кабыл алынган Эмгек кодексинин 16-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда иш берүүчүлөр жумуш менен камсыз кылуу порталы менен кызматташууга, бош орундар тууралуу маалыматты эмгек шарты, эмгек акысы менен биргеликте берип турууга милдеттендирилген. Бул порталда жумуш издөөчүлөргө бош орундар тууралуу маалымат табуу, ал эми иш берүүчүлөргө өздөрүнө квалификациясы туура келген жумушчуларды издөө акысыз жүргүзүлөт”, – деди ал.

Турдубекова белгилегендей, портал бир гана жумуш табууга жардам бербейт, ал ошондой эле жаранга эмгек рыногунда суроо-талап көп болгон кесиптерди үйрөнүүгө жол ачат. Ал үчүн жумуш издөөчү ИНН жазып, порталга катталышы керек. Андан соң эгерде кесиби жок болсо же кесибин өзгөртүүнү кааласа, курстарга окуу үчүн онлайн арыз таштай алат.

“Мындан улам жарандарды кесиптик лицей же башка кесиптик окуу жайларына жөнөтүп, шыгына же тандаган багытына жараша кесипке ээ болуп чыгуусуна көмөктөшөбүз”, – деди ал.

Андан сырткары, бул платформа башка өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн, бирок мекенине кайтууну көздөгөн эмгек мигранттарына да тиешелүү.

“Башка өлкөдө иштеген жарандарыбыздан кайрылуулар көп келет. “Мекенибизге кайтканы жатканбыз, бирок барсак иш таба алабызбы? Иш табууга көмөктөшөсүздөрбү?” – деген суроолор. Ооба, бул платформага кайсы өлкөдө жүрбөсүн катталып, вакансиялар менен таанышып, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүп, жумуш таап алып, анан Кыргызстанга келсе болот. Ошол эле учурда көптөгөн эмгек мигранттарда кесипкөйлүгүн тастыктаган сертификат жок. Алар мектепти бүтүп эле чет өлкөлөргө кетишкен, ал жакта иштеп, тажрыйбанын аркасында бир кесипти аркалап калышкан. Ал эми эмгек рыногунда көбүнчө сертификат талап кылынат. Кайсы бир кесипти жакшы билип, бирок сертификаты жоктор үчүн Агартуу министрлигинин алдында Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылган. Мисалы, ширетүүчү деп коелу, көп жыл бул ишти аркалаган, бирок сертификаты жок жаран атайын 3 айлык курсту окуп отурбай эле, аталган борборго кайрылса, ал жакта комиссия тиешелүү тапшырмаларды берет, туура аткарса, 1 күндүн ичинде мамлекеттик деңгээлдеги сертификатка ээ болот”, – деди Наргиза Туркебекова.