Кыргызстандын аймагында бир жумада 25,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
5 октябрь

Кыргызстандын аймагында бир жумада 25,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 25-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта 25 миң 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 592;
  • транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 355;
  • унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
  • жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 325;
  • транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 5 241;
  • автоээнбаштык — 31;
  • белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
  • жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу — 7;
  • жол эрежелерин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.
  • Жол эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 591 транспорт каражаты убактылуу айып короого киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.