«Жылдын мыкты мугалими – 2026»: баш байгени Меруэт Бакирова жеңип алды
5 октябрь

«Жылдын мыкты мугалими – 2026»: баш байгени Меруэт Бакирова жеңип алды

“Жылдын мыкты мугалими – 2026” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Баш байгеге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Бакирова Меруэт Омүрбековна ээ болду.

Конкурстун номинациялары боюнча жеңүүчүлөр:

Башталгыч класстардын мыкты мугалими — Мийзамова Сүйүмкан Исраиловна, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Бөжөк Бегиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Алекова Бермет Болотбековна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ү. Калиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Кадырова Миргуль Макеновна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы М. Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

Мыкты математика мугалими — Орузбаева Нурия Калысбековна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы зээндүү балдардын жатак-мектебинин мугалими.

Мыкты тарых мугалими — Абдрахманова Зарина Жаныбековна, Чүй облусунун Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

“Адам жана коом” предмети боюнча мыкты мугалим — Борончу кызы Гүлзат, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы М. Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

Мыкты чет тили мугалими — Гафарова Айжан Октомовна, Ош шаарындагы № 27 партсъезд атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.

Мыкты физика/астрономия мугалими — Джаманкулов Азамат Атагельдиевич, Чүй облусунун Москва районундагы № 3 Беловодск жалпы билим берүү мектебинин мугалими.