Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды
Ош мэриясы
5 октябрь

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында “Клиника Ош” заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү.

Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.

Мэр өз сөзүндө бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорго колдоо көрсөткөн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.

“Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет” - деди калаа башчы.

Медициналык борбор жалпы 110 бейтапты кабыл алууга даяр. Ошондой эле 120 жумуш оруну түзүлгөн. Кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология, жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзөт.

Борбор Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймагынын тургундарына заманбап медициналык жардам көрсөтүп, татаал ооруларды жеринде дарылоого жана жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.