Россияда 5G тармактарында эл аралык интернет-трафик үчүн акы киргизилиши мүмкүн
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
5 октябрь

Россияда 5G тармактарында эл аралык интернет-трафик үчүн акы киргизилиши мүмкүн

Россиянын бийлиги мобилдик тармактардагы эл аралык интернет-трафик үчүн кошумча акы киргизүү маселесин кайрадан талкуулап жатат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыш операторлору менен биргеликте 5G тармагында 50 ГБдан ашкан эл аралык трафикке өзүнчө тариф киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

«Коммерсантъ» басылмасы байланыш рыногундагы булактарга таянып жазгандай, азырынча бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Талкууда трафиктин көлөмү боюнча да ар кандай варианттар каралууда. Тактап айтканда, кайсы көлөмдөн ашкандан кийин кошумча акы алынары талкууланууда.

Буга чейин жаңы система октябрь айында ишке кириши мүмкүн экени айтылган. Бирок техникалык кыйынчылыктардан улам анын мөөнөтү жылдырылышы ыктымал.

Басылманын булактарынын маалыматына караганда, учурда 5G колдонуучуларынын эл аралык трафигин өзүнчө эсептөө техникалык жактан татаал. Себеби 5G тармагындагы трафик LTE тармактары аркылуу өтүүдө. Операторлордо мындай тарификацияны ишке ашырууга мүмкүндүк берген даяр техникалык чечим азырынча жок.

Сентябрдын башында Россиянын ири байланыш операторлору өлкөнүн 16 шаарында 5G тармагын расмий ишке киргизген. Жогорку ылдамдыктагы тармакка 10 миллионго жакын абонент кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Мобилдик интернеттеги эл аралык трафикке кошумча акы киргизүү идеясы буга чейин да, жаз айларында талкууланган. Анда 15 ГБдан ашкан эл аралык трафиктин ар бир гигабайты үчүн 150 рубль алуу сунушталган.

Бул демилге, анын ичинде VPN кызматтарын колдонууну азайтуу максаты менен байланыштырылган. Ошол эле учурда азыркы сунушта VPN кызматын түздөн-түз колдонгону үчүн эмес, эл аралык интернет-трафик үчүн акы алуу каралууда.

Vigo компаниясынын өнүмдөр боюнча директору Антон Прокопенконун баамында, алгачкы этапта бул чара абоненттердин аз гана бөлүгүнө таасир этиши мүмкүн. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы Орусияда мобилдик интернетти керектөөнүн орточо көлөмү айына 24 ГБды түзгөн. Ал эми колдонуучулардын 13,8 пайызы айына 50 ГБдан ашык мобилдик интернет трафигин колдонгон.