Бишкек мэриясы Чүй проспектисиндеги «Кыял» базарынын аймагындагы жарыктандыруу маселеси боюнча билдирет
5 октябрь

Бишкек мэриясы Чүй проспектисиндеги «Кыял» базарынын аймагындагы жарыктандыруу маселеси боюнча билдирет

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисиндеги «Кыял» базарынын аймагындагы тышкы жарыктандыруунун иштешине байланыштуу кырдаал тууралуу маалымдайт.

Аталган тилкеге тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери подряддык уюм тарабынан жүргүзүлгөн. 2026-жылдын 20-сентябрында объект подрядчы тарабынан  «Бишкекжарык» ишканасына расмий түрдө өткөрүлүп берилген.

Келишимдин шарттарына ылайык, аткарылган иштерге бир жылдык кепилдик мөөнөтү белгиленген. Кепилдик мөөнөтүнүн ичинде подряддык уюм аныкталган кемчиликтерди жана жабдуулардын иштен чыгышын жоюуга милдеттүү.

2026-жылдын 30-сентябрында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын адистери аталган тилкеде кыска туташуу болгонун аныкташкан. Кемчилик аныкталгандан кийин аны тез арада жоюу боюнча подряддык уюмга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Бүгүнкү күндө аныкталган бардык кемчиликтер подрядчы тарабынан толугу менен жоюлду. Тышкы жарыктандыруу линиясы штаттык режимде иштеп жатат, орнотулган бардык жарык берүүчү чырактар толук иштөөдө.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы болгон кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо жана мүчүлүштүктүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.