«Бишкек Аренада» бүгүн жүрөк жана кандагы канттын деңгээлин акысыз текшерүүгө болот
Бүгүн, 5-октябрда, «Бишкек Аренанын» аймагында «Жүрөк Fest – Дени сак жүрөк» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунан билдиришти.
Саат 12:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин тургундары жана коноктору акысыз медициналык скринингден өтө алышат. Иш-чаранын аянтчасы желек мамыларынын боюнда жайгашат.
Катышуучулардын кан басымы, кандагы глюкозанын деңгээли, салмагы, бою жана белинин айланасы өлчөнөт. Ошондой эле адистер жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдик факторлорун баалап, «Түндүк» аркылуу сурамжылоо жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, келгендер кардиологдордон кеңеш ала алышат. Программада лекциялар жана мастер-класстар, биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабактар, спорттук жана интерактивдүү иш-чаралар да каралган.
Фестиваль 2025–2030-жылдарга карата «Дени сак жүрөк» улуттук программасынын алкагында өткөрүлүүдө.
