Бүгүн «Бишкек Арена» расмий ачылат: бекер автобустар кайсы жерлерден каттайт
Бүгүн, 5-октябрда, саат 17:00дө жаңы «Бишкек Арена» спорттук-оюн-зоок аянтчасынын расмий ачылышы өтөт.
Көрүүчүлөр үчүн кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда масштабдуу концерттик программа даярдалды. Аны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин уюштурган продюсерлер даярдашкан.
Иш-чарага кирүү акысыз, бирок алдын ала катталуу зарыл. Аренага кирүүдө QR-билет жана Face ID аркылуу идентификация талап кылынат.
Бир ПИН-кодго бир гана билетти өзүнө каттатууга болот. Билетти башка адамга өткөрүп берүү же жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Катталууга орундар этап-этабы менен ачылат.
Жаш курак боюнча чектөө — 7 жаштан жогору. Жети жашка чейинки балдар иш-чарага киргизилбейт.
Ошондой эле аренага тамак-аш жана суусундуктарды алып кирүүгө тыюу салынат. Кире бериште милдеттүү түрдө текшерүү жүргүзүлөт.
Көрүүчүлөр үчүн аренага чейин бекер автобустар уюштурулат. Иш-чара аяктагандан кийин автобустар жүргүнчүлөрдү кайра баштапкы жөнөп кетүү пункттарына жеткирет.
Ленин районунда:
Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
«Аккула» автобекети, Фрунзе көчөсү, 13Б;
Көк-Жар конушундагы Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши.
Октябрь районунда:
Асанбай кичи районундагы Аалы Токомбаев проспекти, 3/7;
Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
Сухэ-Батор көчөсү, «Глобус» дүкөнүнүн жанында.
Биринчи Май районунда:
Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
Абдымомунов көчөсү, 220.
Свердлов районунда:
Жибек Жолу проспекти менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши, Батыш автобекетинин аймагы;
Аламүдүн-1 кичи районундагы Ауэзов көчөсү, 4.
