Ош шаарында жаңы көчө ачылды
видеодон алынган кадр
5 октябрь

Ош шаарында жаңы көчө ачылды

Ош шаарындагы эски Аношина кочөсү оңдолуп, жаңы аталыш коюлуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, эми Аношина көчөсү Бегиш Аматов көчөсү деп аталат.

Аталган көчө шаар күнүнө карата ачылып жаткан 20 дай обьектинин бири. Жол менен кошо көчөдө жайгашкан көпүрө да пайдаланууга берилди.